• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Алматада табыткана сатыкка коюлду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Алматада жалгыз жеке табыткана сатыкка коюлганын казакстандык басылмалар жазышты. Табыткана Жароков жана Утепов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Республикалык кан борборунун жанында жайгашкан.

Мекеме эки кабаттан туруп, жалпы аянты 300 чарчы метрди түзөт. 15 сотых жер тилкесинде тиешелүү делген бардык жабдыктар бар. Табыткананын патологиялык-анатомиялык изилдөө жүргүзүү үчүн лицензиясы бар ( анда сөөктөрдү сактоого, медициналык экспертиза жүргүзүү жана башка). Табыткананын ээси мекемени 338 миң АКШ долларына баалаган.

Булагы: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий