Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. 24-декабрда Алматыда Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу борборунун кеңешинин он бешинчи жыйыны өттү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жыйынга Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жана Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Чингис Аринов катышты.
Жыйындын жүрүшүндө борбордун 2024-жылда аткарылган ишинин жыйынтыгы жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчет, ошондой эле жарандык коргонуу, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана мамлекеттерге маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү жаатындагы долбоорлорду Борбор Азиянын аймагында ишке ашыруу боюнча маалымат угулду.
«Кеңеш эл аралык программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууда анын потенциалын натыйжалуу пайдалануу үчүн борбордун ишин активдештирүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында 2025-жылга карата биргелешкен иш-аракеттер аныкталды», - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, жыйынтыгында кадр маселеси каралып, 2025-жылга карата бюджети бекитилди. Ошондой эле Борбордук кеңештин тиешелүү чечимине кол коюу менен аяктады.
Пикир
Оставить комментарий