• 87
  • 90.41
  • 0.84

Алматыда бычак жеген көркөм муз тебүү чебери Денис Тен каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Алматыда бычактан алган жараатынан улам белгилүү казак спортчусу, Азиянын чемпиону, Сочидеги кышкы олимп оюндарынын коло медалынын ээси Денис Тен каза болду.

19-июль кечинде Алматынын борбордук бөлүгүндө белгисиз эки адам Денис Тенге бычак сайып кетишкени кабарланып, ал өтө оор абалда дароо ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлердин айтымында, операция эки саатка созулган. Бирок спортчунун негизги органдары жабыркап, үч литрге жакын кан жоготкондуктан өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Шаардык ички иштер департаментинен билдиришкендей, Денис Тенге анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген белгисиз эки адам кол салган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери башталып, шектүүлөр изделүүдө.

25 жаштагы Денис Тен Олимп оюндарына жана дүйнө биринчилигине катышкан алгачкы казакстандык көркөм муз тебүү чебери болгон. Ал 2014-жылы Сочи олимпиадасында коло медал уткан. Быйыл күзүндө спортчу Франциядагы Гран-Приге катышууну пландап жаткан.

Пикир

Оставить комментарий