Бишкек, 14.01.19 /Кабар/. Алматыда фигурист Денис Тендин өлүмүнө айыпталып жаткандардын бири Нуралы Киясов 14-январдагы сот отурумунда күнөөсүн толук мойнуна алды.
24 жаштагы Нуралы Киясовго «топ адамдын курал колдонуу менен талап-тоноосу» жана «топтошуп адам өлтүрүү» беренелери боюнча айып тагылган.
11-январдагы отурумда дагы эки айыпталуучу, 24 жаштагы Арман Кудайбергенов менен 23 жаштагы Жанар Толыбаева айыптоолор менен макул эмес экендиктерин айтыштып, соттон беренелерди өзгөртүүнү өтүнүшкөн.
Кудайбергеновго талап-тоноо жана адам өлтүрүү беренелери боюнча айып тагылган. Толыбаева болсо кылмыш тууралуу укук коргоо органдарына кабарлаган эмес деп айыпталууда.
Бул иш боюнча сот Алматы шаардык сотунда 3-январда башталган.
2014-жылы Сочиде өткөн кышкы Олимп оюндарынын коло медалынын ээси Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаа уурулары кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан.
Пикир
Оставить комментарий