Алмаз Имангазиев Түркиянын ички иштер министринин орун басары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Түркиянын ички иштер министринин миграциялык саясат жана Түркиядагы чет элдик жарандардын коопсуздугу маселелерин тейлеген орун басары Мехмет Акташ менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Алмаз Имангазиевдин Түркия Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын жарандарынын Түркияда жүрүүсү, жашоого уруксат алуу шарттарын жеңилдетүү, ички паспортторду колдонуу менен өз ара сапарга чыгуу мүмкүнчүлүгү, жашоого уруксат жана визалардын баасын өз ара төмөндөтүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Алмаз Имангазиев Мехмет Акташка Кыргызстан менен Түркиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда өткөн консулдук маселелер боюнча консультациялардын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар тууралуу маалымат берип, аларды мындан ары ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын тараптардын аймактарында жүрүүсү, иштөөсү жана өз ара сапарлары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган бир катар демилгелерди ишке ашыруу боюнча активдүү биргелешкен иштерди жүргүзүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий