• 87
  • 90.41
  • 0.84

Алмазбек Атамбаев текшерүүдөн өтүү үчүн кардиологиялык борборго алынып келди

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев текшерүүдөн өтүү үчүн кардиологиялык борборго алынып келди. Бул тууралуу маалыматты “Кабар” агенттигине Жазаларды аткаруу кызматынан ырасташты.

Маалыматка ылайык, Атамбаев кардиологиялык борборго Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты менен алынып келди.

“Мурдагы президентти медициналык мекемеге алып баруу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсүн күтүп жатканбыз. Ал келери менен кардиологиялык борборго алып бардык”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев Атамбаевди кардиологиялык борборго текшерүүгө жөнөтүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Жазаларды аткаруу кызматынын дарегине көрсөтмө берилиши керектигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий