• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Алмазбек Полотов Сүлүктү шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Алмазбек Полотов Сүлүктү шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, тиешелүү буйрукка Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров кол койду.

Алмазбек Полотов 1985-жылы Баткен районунун Самаркандек айылында төрөлгөн.

Билими жогорку. БатМУнун дүйнөлүк тилдер жана түркология боюнча мугалим адистигине ээ болгон. Андан соң КР президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынан, жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу адистигин алган.

Пикир

Оставить комментарий