Алроса кубогу: Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеванын көз караштар таймашы өттү. Видео

Спорт 0


Бишкек, 03.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Россияда өтө турган “Москванын гран-приси — Алроса кубогу” спорттук күрөш боюнча супертурнирге катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдеште Жуманазарова 68 кг салмакта россиялык Ханум Велиевага каршы Бишкек убактысы менен саат 23:00 менен 00:00дөр аралыгында күрөшөт.

Килем үстүнө чыгардан мурда кыздар алгач салмактарын аныктап, андан кийин көз караштар таймашын өткөрдү.

Супертурнир 3-декабрда Москва шаарында өтөт.

Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Ханум Велиеваны жеңип, финалга чыккан. Көп өтпөй россиялык машыктыруучулар бул беттеште калыстарды күнөөлөп, упай туура эмес көрсөтүлгөнүн айтып, нааразы болгон.

Ал эми Мээрим Жуманазарова алтын үчүн күрөштө япониялык Рин Мияжинин далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздап, дүйнө чемпиону болгон.

Пикир

Оставить комментарий