• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Алты айда Чүй облусу 1,3 млрд сомго каржыланды

Коом 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. 2024-жылдын 6 айында Чүй облусуна 1,3 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер – 346,4 млн сом өлчөмүндө каржыланган:

  • теңдөөчү трансферт – 130,3 млн сом
  • айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 52,6 млн сом;
  • электр энергия болгон 50% компенсациясына – 9 млн сом;

Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдардыкаржылоого республикалык бюджеттен – 162,6 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө 500 млн сом жана Токмок шаарын өнүктүрүүгө 500 млн сом каржыланды

Пикир

Оставить комментарий