Алты айда республикалык бюджеттин профицити 2,3 млрд сомду түздү – Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Жарым жылда республикалык бюджеттин профицити 2,34 млрд сомду түздү. Бул тууралуу КР Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин 2023-жылдын I жарым жылдыгы боюнча жыйында билдирди.

"Бул көрсөткүч салык жана бажы төлөмдөрү тармагында жүргүзүлгөн реформалардын аркасында жетишилди", - деди ал.

Анын айтымында, 2022-жылы башталган салык реформасы алгачкы жыйынтыгын берип жатат.

"Биз салыктардын стимулдаштыруучу жана фискалдык ролунун оптималдуу катышына жетиштик. Салык системасы дагы туруктуу жана ачык-айкын болуп калды. Биз салыктарды төлөө "пайдалуу жана престиждүү" деген тенденцияны койдук. Салык жана бажы операцияларын башкарууну жана фискалдаштырууну жакшыртуунун аркасында республикалык бюджет 2,34 млрд сом суммасында профицит менен аткарылды. 2022-жылдын 6 айлык көрсөткүчүнө салыштырмалуу салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 27,1%га же 25,2 млрд сомго көбөйгөн. Такталган план 2 млрд сомго ашыкча аткарылды", - дейт Акылбек Жапаров.

Ал Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин жыйынтыгына токтолуп, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында 48,8 млрд сом жыйналып, же план 153,8%га аткарылганын белгиледи. "Чөлдүн ак күнү" тасмасынын башкы каарманы Павел Верещагиндин позициясын жетекчиликке алган бажычылар көбөйүүдө", - деп белгиледи Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий