• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Велосипед менен жөжөнү сүзүп алган 6 жашар бала жардам сурап ооруканага барды

Коом 0

Бишкек, 08.04.19 /Кабар/. Алты жашар Дерека Лалханхима велосипед менен сүзүп алган жөжөнү ооруканага алып барып, медиктерден жардам сураган. Окуя Индиянын Мизорама шаарында орун алган, деп жазат Mirror.

Күбөлөрдүн маалыматы боюнча, жаш бала үйүнүн короосунда велосипед тээп ойноп жүргөн. Күтүлбөгөн жерден жөжө чыга калып, дөңгөлөктүн алдына кирип кеткен. Дерек токтогонго үлгүрбөй, аны сүзүп алган.

Капа болгон бала жөжөнү жакынкы ооруканага алып барып, чөнтөгүндө болгон акчасын – 10 рупийди (9,5 сом) сунуп, медиктерден жөжөгө жардам берүүнү суранган.

Кийинчерээк баланын ата-энеси Дерекке жөжө дароо каза болуп калганын түшүндүрүп, ага жардам берүү мүмкүн болбогонун айтышкан.

Бул окуя тууралуу маалымат тез тарап, Дерек окуган мектептин жетекчилиги ага Айкөлдүк жана боорукерлик үчүн грамота беришкен.

Пикир

Оставить комментарий