• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Алтын балалык” комплекси он күндө бир 250 баланы кабыл алып турат

Президент 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында реконструкциялоодон кийин ишин баштаган “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачты.

Президент комплекстин ачылышында сөз сүйлөп жатып, борборго бүгүнтөн баштап 15-сентябрга чейин республикабыздын ар кыл райондорунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнөн балдар келип эс алып турушарын белгиледи.

“Ар 10 күн сайын 250 бала кабыл алынып турат. Ушул багыттагы иш-аракетерибиздин бири болгон "Ден соолук" медициналык-реабилитациялык комплекси ишин ийгиликтүү баштап кетсин. Дарыланууга келген балдарыбыз сак-саламат сакайып чыксын деп тилек кылалы”, - деди Жапаров.

Садыр Жапаров бир жылдан ашуун иштеген куруучуларга, ар тараптан демөөрчүлөрдү таап, курулуш иштерин бүтүргөн министрге (ред.: Алымкадыр Бейшеналиевге) терең ыраазычылык билдирип кетти.

Пикир

Оставить комментарий