Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Алтын-Ордо конушунда жолдорго асфальт төшөө иштери башталды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, конуштун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 14-көчөнүн 1-көчөдөн 9-көчөгө чейин тилкесинде жолду жана тротуарды капиталдык оңдоо, анын ичинде ирригациялык системаны орнотуу иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, 2023-жылы жолго бир катмар асфальт төшөлүп, унаа кыймылы үчүн ачык бойдон калган.
Пикир
Оставить комментарий