• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Алтынай Өмүрбекова балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова кечээ, 31-майда, балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеде эки маселе каралды. Бул - балдардын жайкы эс алуусуна даярдык жана эс алуу учурунда коопсуздукту жана медициналык жардамды камсыздоо.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2018-жылы республикалык бюджеттен жайкы эс алууну уюштуруу үчүн бөлүнгөн 5 млн сом Профсоюздар борбордук комитетине балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу үчүн берилет. Кошумча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебинен 485 мектептерге караштуу лагерлердин жана ден соолук чыңдоо аянттарынын базасында балдардын бир айлык эс алуулары уюштурулат. Алдын ала 18 миң бала үчүн эс алууну уюштуруу пландалууда.

Вице-премьер-министр жайкы лагерлерде эс алуу учурунда коопсуздукту жана балдарды ташууну коштоону камсыздоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

«Аз камсыз болгон жана социалдык аярлуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жайкы эс алуу артыкчылыктуу тартипте уюштурулушу керек. Ал дыкат иштелип чыгышы кажет. Бюджеттик каражаттардын эсебинен эс ала турган балдарды тандоо механизмин иштеп чыгуу зарыл. Бир эле үй-бүлөнүн баласы жыл сайын жолдомо алып, ал эми башкалары жеңилдетилген жолдомо ала албай, балдарын жибере албай калуусуна жол бербөө керек», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тиешелүү мамлекеттик органдарга лагерлерди, анын ичинде коопсуздугун жана балдарды жайкы эс алууга кабыл алуу үчүн зарыл шарттардын болушун текшерип чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий