• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Алтынай Өмүрбекова: Республикада жаңы демилгелер жана ойлоп табуулар жарала тургандай шарттарды түзүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 27.04.18 /Кабар/. Республикада экономикалык өнүгүүнүн инновациялык булактары катары жаңы демилгелер жана ойлоп табуулар жаралып тургудай шарттарды түзүү зарыл. Бул туурасында бүгүн, 27-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасындагы Эл аралык, Улуттук интеллектуалдык менчик күнүнө жана патенттик тутумдун негизделгендигинин 25 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

«Бүгүнкү күндө патенттик тутумдун кызматкерлеринин негизги милдеттеринин бири катары ойлонуп табылган технологияларды иш жүзүнө ашыруу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Интеллектуалдык менчик бул – адам акылынын жана интеллектинин табылгасынын жыйынтыгы катары илгертеден технологиялык, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүнүн аспабы катары пайдаланылып келген абдан маанилүү байлык. Муну эске алуу менен биз ойлоп табуудан, инновациялык товар же тейлөө иретинде аны ишке ашырууга чейинки жыйынтыкталган инновациялык циклди түзүүгө өзгөчө көңүл буруубуз зарыл. Мындай мамиле экономикалык өнүгүүнү активдештирүүгө жана өлкөнүн алдыңкы илимий-техникалык потенциалын жана маданий мурастарды пайдалануу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт», - деп белгиледи ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Бир катар ойлоп табуучулар, маданият, искусство ишмерлери жана бизнес-коомчулук өкүлдөрү Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалдары, дипломдору жана сертификаттары менн сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий