• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Алтынбек Абдувапов: Салык кызматы санариптештирүүдө олуттуу натыйжаларга жетишти

Экономика 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Салык кызматы өлкөдө алгачкылардан болуп санариптештирүү боюнча толук масштабдуу ишти баштап, оң натыйжаларга жетише алды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери менен болгон жолугушууда билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, Салык кызматынын төрагасы конок лекциясында студенттерге салыктык башкаруудагы жаңылыктар жана ведомстводо жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө айтып берди, анын ичинде иштеп жаткан санариптик инструменттерге кеңири токтолду.

А.Абдувапов салык жол-жоболорун санариптештирүү салык төлөөчүлөр менен салык органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталгандыгын жана өзүнүн оң натыйжаларын берип жаткандыгын бегиледи.

"ККМ, ЭТТК, ЭЭФ системалары жана башка санариптик чечимдер ийгиликтүү иштеп жатат. Алардын ишке киргизилиши өлкөнүн бюджетине салык жана төлөмдөрдүн келип түшүүлөрүнүн көлөмүн кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берди", – деп белгиледи Салык кызматынын төрагасы жана жолугушууга келгендердин бардыгын кассалык чек талап кылууга чакырды.

Салык кызматынын төрагасы студенттерди теориялык билимин бекемдөөгө жана салык органдарынан такшалмадан өтүүгө үндөп, Ишкерлерди тейлөө борборуна таанышуу экскурсиясы менен барууга чакырды. Мунун баары жаш адистерге диплом алган соң келечектеги кесибин туура тандоого жана республиканын экономикасынын өнүгүшүнө өз салымын кошууга жардам берерин белгилеп өттү.

Экономика жана финансы багытында билим алып жаткан студенттер менен жолугушуу өлкөнүн башка билим берүү мекемелеринде да пландаштырылууда. Буга чейин ушундай жолугушуу Кыргыз улуттук университетинде өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий