• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Алтынбек Кылычбаев Сузак округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары катталды

Коом 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 30-сентябрда Кылычбаев Алтынбек Таирович №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үстүбүздөгү жылы 22-сентябрда өткөн.

Ал эми 26-сентябда БШКнын №150 токтому менен Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары аныкталды.

Ошентип, бүгүн Алтынбек Кылычбаевге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.

Пикир

Оставить комментарий