• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Алыкул Осмоновдун “Замандан заманга” аттуу китебинин азербайжан тилиндеги котормосунун бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 10.11.24. /Кабар/. Улуттук китепканада кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун “Замандан заманга” аттуу азербайжан тилиндеги китебинин бет ачары болуп өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, китепти белгилүү азербайжан жазуучусу жана манасчы Адиль Жамиль которуп, кыргыз адабиятынын маданий жана поэтикалык баалуулуктарын азербайжан окурмандарына жеткирүүгө шарт түздү.

Иш-чарага министрдин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов, ошондой эле белгилүү жазуучулар, маданият ишмерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Гүлбара Абдыкалыкова белгилегендей, улуттук акындардын чыгармаларын которуу элдердин ортосундагы маданий баалуулуктарды жайылтууга жана улуттун маданиятынын өзгөчөлүгүн тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан сырткары, министрдин орун басары китепти которгон азербайжан жазуучусу жана манасчы Адиль Жамилге министрликтин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий