Бейшеналиев ДССУнун Европа регионалдык бюросунун директору менен кызматташтыкты талкуулады

Ден соолук 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун директору Ханс Клюгенин менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Бишкекте өткөн Эл аралык инвестициялык форумдун алкагында өттү.

Жолугушууда саламаттык сактоо тармагында ДССУ менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлорду ишке ашыруунун негизги маселелери талкууланды.

Доктор Ханс Клюге жугуштуу эмес жана жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө Кыргызстандын олуттуу аракеттерин жана жетишкендиктерин белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстан антибиотиктерге туруштук берүү боюнча биринчи Улуттук изилдөөгө киргенин белгиледи.

Улуттук фтизиатрия борборунун директору кургак учук менен ооругандардын санын азайтуу боюнча Кыргызстандын жетишкендиктери тууралуу маалымат менен бөлүштү. 2019-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында кургак учуктан өлүмдүн деңгээли 100 миң калкка 3,9дан 2,6га чейин кыскарган. 2022-2026-жылдарга Программанын иш-чаралар планын ишке ашырууга кеткен чыгымдар. 5,7 млрд сомду түзөт, анын ичинде 4 млрд сом (71%) мамлекеттик бюджеттен жана 1,6 млрд сом (29%) донорлордон, 0,1 млрд сом кургак учукка каршы программаны оптималдаштыруудан үнөмдөлгөн каражат.

Мындан тышкары, Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймагындагы Эл аралык саламаттык сактоо эрежелеринин алкагында өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүнө экинчи биргелешкен тышкы баа берүүнү жүргүзгөн биринчи өлкө болгону жана жакынкы жылдарда артыкчылыктуу мүмкүнчүлүктөрдү өркүндөтүүчү жана улуттук пландаштыруу жана инвестициялоо үчүн негизди, ошондой эле донорлорду координациялоо жана ресурстарды мобилизациялоо үчүн платформаны камсыз кылган Саламаттык сактоо боюнча улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууга өткөнү белгиленди.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев ДССУга көрсөткөн туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү саламаттыкты сактоону мындан ары чыңдоо, анын ичинде инфраструктураны жакшыртуу, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана инновациялык технологияларды киргизүү боюнча пландары менен бөлүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз кызматташууну улантууга жана медициналык кызматтын сапатын жана калктын бардык катмары үчүн медициналык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий