• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Алымкадыр Бейшеналиев Шуша шаарында ТМУнун жыйынына катышууда

Коом 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган КР делегациясы Азербайжандын Шуша шаарында 6-9-октябрда өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин 4-жыйынына катышууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн министр Алымкадыр Бейшеналиев тилектештиктин жана кызматташтыктын негизинде катышуучу өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал жолугушууну уюштургандыгы үчүн Азербайжан Республикасына ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал саламаттыкты сактоону санариптештирүү, медициналык туризмди өнүктүрүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана фармацевтикалык коопсуздук сыяктуу кызматташуунун маанилүү багыттарын белгиледи. Ал акыркы жылдардагы пандемия олуттуу чакырык болуп калганын баса белгилеп, ошону менен бирге саламаттыкты сактоо маселелеринде биргелешкен өз ара аракеттенүү канчалык маанилүү экенин көрсөттү.

"Биз ар кандай чакырыктарга даяр күчтүү жана туруктуу саламаттык сактоо системасын куруу үчүн иштөөнү улантышыбыз керек. Кыргыз Республикасы саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдойт жана боордош элдер менен тажрыйба жана билим алмашууга даяр", – деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Иш-чаранын алкагында маанилүү макулдашууларга, анын ичинде катышуучу-өлкөлөрдүн ортосунда трансплантология операцияларын координациялоо үчүн "TÜRKTRANSPLANT" бирдиктүү маалыматтык системасын түзүү ниети жөнүндө протоколго, ошондой эле Азербайжан жана Кыргызстандын медициналык уюмдарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлушу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий