• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

«Алыскы туугандан, жакынкы кошуна» – улуу Кытай менен урмат-сыйдагы мамилени улантуу керек

Коом 0

Жүк артылган төөлөр бир кылка арты-артынан тизилип, узак сапарга жол алышкан... Ошентип, Улуу Жибек жолу менен чубаган соода кербени кылым карытып келет. Болгону заман алмашып, заманга жараша соода кербенинин формасы дагы алмашып жаткан кези.

Мына ошол Улуу Жибек жолунун алкагында Кытай менен Кыргызстандын өз ара тарыхый карым катышы дагы уланып, бүгүн дагы өз жемишин берип жатат.

Ошол Улуу Жибек жолдун боюндагы Кыргызстан менен Кытай соода-экономикалык, инфраструктура, транспорт, энергетика, инвестиция, маданият жана билим берүү жаатында тыгыз кызматташуусун улантууда.

Өлкөдөгү бир катар ЖОЖдордо кытай тили окутулуп, алардын айрымдарында Конфуций борборлору ачылган. Муну менен кыргыз жаштары 21-кылымдын тили болгон кытай тилин үйрөнүп гана чектелбей, Кытай философиясын, тарыхын жана саясатын өздөштүрүүдө. Биздин КУУ, БМУ сыяктуу алдыңкы ЖОЖдорубуздун студенттерди Кытай ЖОЖдоруна билим берүү программалары менен окуп, билим алып келип, канчасы мамлекеттик кызматтарда алгылыктуу иштеп жатышат. Ал эми маданият жаатында Кытайдын өтө абройлуу «Тяньцао» театрында улуу кыргыз эпосу «Манас» эпосунун негизинде опера коюлгандыгы чон жаңылык болуп калды эле. Кытайдын маданий турмушунда чоң окуя катары кабыл алынганы да биз үчүн сыймык.

Дегеле Кытай Кыргызстандагы ири долбоорлордун негизги инвестору. Өлкөдө жүздөгөн биргелешкен ишканалар бар экени маалым. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик долбоорлорго келген Кытай инвестициясынын көлөмү 2 миллиард доллардан ашканы статистикалык маалыматтарда айтылып келет.
Ошентип Кытайдын каржылоосу менен Кыргызстанда акыркы жылдары төмөнкү долбоорлор ишке ашырылып келет:

«Датка» станциясы жана «Датка-Кемин» линиясы. Булар менен катар «Кристалл», «Октябрьская», «Узловая», «Алай» станцияларында оңдоо иштери жургүзүлгөн. Түштүк менен түндүктү кошкон линия Кыргызстанга Борбор Азиядагы кошуналарынан энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздап бергендигин ким танат. Электролиниялар коңшу мамлекеттер аркылуу жайгашкандыктан, кыргызстандыктар электроэнергиясыз калууга коркунучунан арылды.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо. Долбоор аркылуу ЖЭБдин кубаттуулугу 812 мегаваттка чейин жогорулаган. Бул долбоордогу коррупциялык иштерге тиешеси барлар тиешелүү жазаларын алышты. Бул албетте өзүнчө сөз.

«Түштүк-Түндүк» жолу. Долбоор Кыргызстанда эң ири долбоорлордун бири. Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууда бул долбоордун курулушу максатка ылайыктуу. Баарыбызга белгилүү болгондой, өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген бир гана жол - Ош-Бишкек жолу транспорттук агымды өткөргөнгө мүмкүнчүлүгү чектелип барат. Айрыкча, Төө-Ашуу тоннелинин мүмкүнчүлүгү суткасына 400-450 машине өткөрө алат. Бүгүнкү күндө түндүк менен түштүктө суткасына 3000-3500 машине каттап турат.

Мындан сырткары, Кара-Балта, Токмок шаарларындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдор, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын курулушу сыяктуу Кытай инвесторлорунун каражатына курулган долбоорлор бир топ.

Ошондой эле Кытай гранттарынын негизинде Бишкек шаарында 100дөгөн көчөлөргө асфальт төшөлүп, борбор калаанын көркүнө көрк кошуп келет.

Кытай инвесторлорунун өлкөдөгү кен байлыктарды иштетүүсүнөн дагы бюджетке канчалаган салыктар түшүп, канча жумушчу орундары түзүлүп жатканы айтпаса да белгилүү.

Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тараптардын көптөн берки артыкчылыктуу пландарынын бири болуп келет. Өлкөбүздүн деңиз аркылуу дүйнөгө чыгуу жолу болбогон жагдайда бул темир жолдун курулушунун Кыргызстанга өтө зарылдыгы айтпаса да белгилүү болду. Буга коронавирус пандемиясында чек аралардын жабылып, авиа каттамдар токтотулган маалда азык-түлүк коопсуздугуна жаралган коркунучтуу абал күбө.

Ошентип, коңшу Кытай менен ар тараптуу кызматташуу Кыргызстандын өнүгүшү үчүн өтө маанилүү экени көрүндү.

Пикир

Оставить комментарий