Бүгүн өлкөдө Кыргыз почтасынын түптөлгөндүгүнүн 145 жылдыгы белгиленүүдө. Кылымдан ашык узак жолду басып өткөн “Кыргыз почтасынын” жетишкендиктери жана ийгиликтери тууралуу “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун башкы директору Марат Черикчиев менен маектештик.
— Почта кызматынын тарыхы мындан туура 145 жыл мурда Пишпек шаарында биринчи почта бекети ачылган күндөн башталат эмеспи. Ошондо айылдарды шаарлар менен байланыштырган почта кызматынын аткарган иши эң маанилүү ролду ойносо керек?
— Ооба, совет мезгилинде почта аркылуу ар кайсы мамлекеттердин булуң-бурчунан каттар жана жөнөтмөлөр жеткирилип турган. 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Кыргыз почта кызматы олуттуу өзгөрүүлөргө учураган. 1993-жылы Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун толук укуктуу мүчөсү болуп, бул башка өлкөлөр менен эл аралык почта байланышын түзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. 1994-жылы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик департаменти түзүлүп, бул өз алдынча почта уюму болууга маанилүү кадамдардын бири болгон. Анда документтер, ченемдик укуктук актылар жана эл аралык почта жөнөтмөлөрү үчүн тарифтер толугу менен кайра каралып чыкты. Бул албетте, почта кызматынын сапатын жогорулатууга жана алардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн түрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.
— “Кыргыз почтасында” заман талабына жараша жаңылануу иштери качан башталды?
— 2000-жылдарда Кыргызстандын почта кызматы жаңыланууга кабылды. Иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн маалыматтык технологияларды киргизүүгө, кызматтарды автоматташтырууга жана логистиканы оптималдаштырууга өзгөчө маани берилип баштады. 2013-жылы “Кыргыз почтасы” Евразия экономикалык шериктештигинин (ЕврАзЭС) Почта биримдигинин курамына кирип, бул эл аралык почта алмашууда башка өлкөлөр менен байланышты бекемдегенге салымын кошту.
— Коронавирус пандемиясы дүйнөгө кулачын жайганда почта кызматынын орду чоң экендиги көпчүлүккө эле билинсе керек. Ошол жылдары кызматкерлериңиздер илдетке карабай, өз милдетин аткарууга жан үрөштү...
— Туура айтасыз, COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан эпидемиологиялык кырдаал учурунда, көптөгөн мекемелер, анын ичинде банктар өз ишин токтоткондо, почтальондор өздөрүнүн милдеттерин так аткарууну улантышты. Сактык чараларын көрүү менен, алар пенсияларды, жөлөк пулдарды, эл аралык почта жөнөтмөлөрүн жеткирүүнү камсыз кылышты, ошондой эле гезит-журналдарга жазылууну ишке ашырышты. Бул оор мезгилде почтальондор жогорку жүктөм шарттарында кызмат көрсөтүүлөрдүн бардыгын үзгүлтүккө учуратпай камсыз кылышты десек жаңылышпайбыз. Азыр да почта кызматкерлери күн сайын миңдеген жөнөтмөлөрдү иргеп, кабыл алышат, даректерине жиберишет. Калкка маанилүү каржылык кызматтарды да көрсөтүшүүдө, маселен, акча каражаттарын накталай берүү, которуу, төлөмдөрдү кабыл алуу сыяктуу кызматтар бар.
— “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун 100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү. Ишкана мындай артыкчылыктары менен кандай пландарын ишке ашыра алды?
— Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги токтому менен “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы 100% акциясын мамлекеттин менчигинде сактоо менен ачык акционердик коомго өзгөртүлдү. Почта байланыш башкармалыктарынын базасында "Кыргыз почтасы" ААК филиалдарынын тармагы түзүлгөн, ошондой эле региондук түзүмдөрдү башкаруунун бирдиктүү системасы ишке киргизилген. Учурда “Кыргыз почтасы” калкка социалдык мааниге ээ кызматтарды көрсөтүү менен толук өзүн-өзү актоо шартында иш алып барган стратегиялык ишкана болуп саналат. Бүгүнкү күндө почта кызматы – бул кадимки почта бөлүмдөрү гана эмес, бул заманбап санариптик технологияларга ийгиликтүү ыңгайлашып, дүйнө жүзү боюнча маалымат алмашууну тездетүү менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жардам берген бүтүндөй инфратүзүм десек болчудай.
— Бүткүл дүйнөлүк почта уюмуна мүчө өлкөлөрдүн арасында дүйнөлүк рейтингде “Кыргыз почтасы” 29-орунга жайгашты. Бул деңгээлге кантип жете алдыңыздар?
— Почта тармагында динамикалуу өнүгүү жана жаңы деңгээлге чыгуу үчүн жаңы кадамдар жасалды, мисалы, 2023-жылы “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому олуттуу ийгиликтерге жетишти. Бүткүл дүйнөлүк почта уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн арасында почтаны өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 98-орундан 29-орунга көтөрүлдү. “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү ачылып, иштеп жатат. Эстония, Латвия, Австрия, Германия сыяктуу өлкөлөрдө почта жөнөтмөлөрүн алмашуу үчүн чет өлкөлөрдө кампалар ачылган. “Кашкар” эркин экономикалык аймагында өкүлчүлүк ачылды, ал эл аралык жөнөтмөлөрдү бир кыйла натыйжалуу иштетүүгө мүмкүндүк берет. Бул каттамды тейлөө үчүн биргелешкен транспорттук компания ишке киргизилди.
— Азыр санарип кызматтар артыкчылыкка ээ болууда. Бул жаатта электрондук сооданы өнүктүрүүгө кандай көңүл бурулууда?
— Трансчек аралык электрондук сооданы өнүктүрүүнун алкагында, Кыргызстан менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун ортосунда почта жөнөтмөлөрүн тез жылдыруу үчүн “жашыл коридор” түзүү жөнүндө келишимге кол коюлду. Бүгүнкү күндө “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун жетекчилиги электрондук сооданы кеңейтүүгө, логистикалык жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө, ошондой эле санариптик дүйнөнүн керектөөлөрүнө ылайыкташтырылган почта кызматын жакшыртууга багытталган бир катар эл аралык долбоорлорду ишке киргизүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүүнү улантып жатат.
— Бирок бир дагы заманбап технология адамдардын аткарган ишин алмаштыра албаса керек?
— Ооба, дагы эле болсо почта кызматынын ролу актуалдуу бойдон калууда. Канчалык заманбап технологиялар өнүккөнү менен почта кызматын пайдалануу унутта калган жок. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча почта бөлүмдөрүндө 3500дөн ашык кызматкер эмгектенет, алардын негизги бөлүгүн аялдар түзөт. Жамаатта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлер да бар.
— Алысты жакындаткан ишиңиздерге ийгилик каалоо менен кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз...
— Рахмат, мен “Кыргыз почтасы” ишканасында ысык-суукка карабай эмгектенип, эл үчүн кызмат кылган кесиптештеримди бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Үй-бүлөлөрүнө бакыт-таалай, ден соолук каалайм, иштерин ийгиликтер коштосун.
Маектешкен Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий