• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Амантай менен Айтуяктын кызыктуу окуялары. Жакында кыргызча мультфильм чыгат

Маданият 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда жакында балдарга арналган "Амантай жана Айтуяк" аталыштагы кыргызча мультфильм чыгат. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" Улуттук киностудиясынан билдиришти.

Мультфильмде Амантай менен асмандан түшкөн Айтуяк экөөнүн кызыктуу окуялары баяндалат. Тасма 7 сериядан турат.

  • режиссеру — Айбек Дайырбеков;
  • сценарийдин автору — Токтобек Үсөнов;
  • башкы сүрөтчү — Кебек уулу Нурлан;
  • супервайзер — Канат Ногойбаев.

Учурда анимациялык тасманын тартуу иштери уланууда. Жаратуучулардын айтымына караганда, башкы максат — кыргыз тилин өнүктүрүү болуп саналат.

Мультфильм "Кыргызфильм" киностудиясы жана "Карек балдар киносунун фонду" менен биргеликте тартылууда.

Пикир

Оставить комментарий