Америкадагы кыргызстандыктар Эгемендүүлүк күнүн эки күн майрамдашты – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Американын бардык штаттарында жашаган кыргызстандыктар КР эгемендүүлүгүнүн 32-жылдык маарекесин эки күн белгилешти. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара 2-3-сентябрда Питтсбург шаарына жакын жерде өтүп, ага ар кандай штаттарда жашаган үч миңден ашык кыргызстандык катышты.

Элчи Бактыбек Аманбаев чогулгандарды президент Садыр Жапаровдун атынан эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, эгемендүлүктү чындоого жогорку бийлик өкүлдөрү менен катар ар бир жаран милдетүү экендигин баса белгиледи. Элчи ал үчүн ар бир кыргыз атуулу кыргыздын тилин, тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын, улуттук оюндарын кийинки муундарга үйрөтүү менен чет элдиктерге артыкчылуу жактарын даңазалоого аракет кылышы зарыл деген оюн ортого салды.

Андан ары элчи кыргыз бийлигинин жана элчиликтин Америкадагы жарандарга карата камкордуктары тууралуу айтып берди.

Белгиленгендей, эгемендүүлүк майрамы эки күнгө созулду. Биринчи күнү спорттун он эки түрүнөн өз ара мелдештер өткөрүлдү. Улуттук оюндарынын ичинен ордо, кол күрөш, аркан тартмай, тогуз коргоол, кыргыз күрөшү ошондой эле футбол, теннис, волейбол сыяктуу оюндар боюнча мелдештер өткөрүлдү. Экинчи күнү АКШда жашаган бизнесмендер ортосунда бизнес-форум уюштурулду.

Форумга элчи катышып, катышуучулардын суроолоруна жооп берип, иш-чаранын соңунда жакынкы келечекте Америкадагы жалпы кыргыз ишкерлеринин бирикмесин түзүү боюнча чечим кабыл алынды.

Спорттук мелдештин жыйынтыгы 3-сентябрда чыгарылып, Аманбаев жеңүүчүлөргө баалуу белектерди тапшырып, ал эми иш-чаранынын уюштуруучуларына көмөктөшкөндөрдү элчиликтин атайын ыраазычылык грамотасы менен сыйлады.

Пикир

Оставить комментарий