Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 17-январында өткөн.
“Жолугушууда тараптар 2020-жылдын 1-февралында Анкара шаарында Курманжан датканын элесине арналган биргелешкен иш-чара ѳткѳрүү тууралуу макулдашышты”, - деп айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий