• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Анкарада Айтматовдун эстелиги орнотулду

Коом 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Кечээ, 12-декабрь күнү Түркиянын Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинде жайгашкан Чыӊгыз Айтматов сейил багында улуу жазуучунун эстелигинин ачылышы болуп ѳттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, эстелик Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен Анкара шаарынын Кечиөрен районун мэриясы тарабынан жасалып, орнотулду.

Эстеликтин ачылыш аземине КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Кечиөрен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок, Түркиянын министрликтеринин жана мекемелеринин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, кыргыз жана түрк студенттери, Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү катышкан.

Пикир

Оставить комментарий