• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Анкарада Кыргызстан жана Венгрия ТИМ башчылары жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 16-мартта Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун Саммитинин алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Венгриянын дипломатиялык кызматтарынын жетекчилери Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Тараптар ошондой эле үстүбүздөгү жылы Венгриянын жогорку жетекчилигинин Кыргызстанга иш сапарларын уюштуруу жана кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 3-жыйынын өткөрүү маселелерин талкуулады.

ТИМден белгилешкендей, Кыргызстан жана Венгрия тышкы иштер министрлери ошондой эле эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн, анын ичинде Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешти, ушуга байланыштуу бул үчүн эң зарыл чараларды көрүүгө өз ара даярдыгын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий