Анкарада онго жакын өлкөнүн журналисттерине атайын окуу уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Түркиянын борбору Анкара шаарында 25-согуш кырдаалындагы журналистика окуусу башталды. Ага Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Ирак, Азербайжан, Кипр, Грузия мамлекеттеринен 25ке жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери катышууда.

Окуу учурунда журналисттерге аба операциялары, суу операциялары, өзгөчө кырдаалдарда, согуш учурунда кантип иштөө керектиги тууралуу окутуулар иш жүзүнө ашмакчы.

Иш-чара Анадолу маалымат агенттиги TİKA (Түрк кызматташтык жана координация агенттиги), Түркия полиция академиясы менен биргеликте уюштурулду.

Белгилей кетсек, 25-согуш кырдаалындагы журналистика окуусу 1-июлдан 12-июлга чейин Анкарада өтмөкчү. Ага Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин журналисти дагы катышууда.

Пикир

Оставить комментарий