• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Анкарада ТМУнун ТИМ башчыларынын орун басарларынын деңгээлинде саясий консультациялар өттү

Саясат 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Бүгүн Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында уюмга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде көп тараптуу саясий консультациялар өттү.

ТИМден билдиришкендей, Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеди.

Саясий консультациялардын жүрүшүндө тараптар 6-ноябрда Бишкекте өтө турган ТМУнун мамлекет башчыларынын 11-саммитине даярдык көрүү процесси, ТМУга мүчө өлкөлөрдүн регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле консультациялардын катышуучулары саясий кызматташтыкты бекемдөө жана регионалдык коопсуздуктун коркунучтарына каршы туруу маселелерин талкуулашты.

Консультациялардын жыйынтыгы боюнча ТМУ өлкөлөрүнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын орун басарлары Түрк элдеринин тарыхынын, тилинин, маданиятынын, каада-салттарынын жана баалуулуктарынын жалпылыгынын негизинде Уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын тастыкташты.

Пикир

Оставить комментарий