• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Анкарада залкар жазуучу Айтматовдун айкели тургузулган паркта эскерүү иш-чарасы өттү

Коом 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 14-декабрында Анкара шаарында залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уулу жазуучунун айкели тургузулган анын атындагы паркта эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргыз элинин чыгаан уулунун элесин эскерүү үчүн Түркия Республикасынын президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Анкарадагы элчилер, Анкара шаарынын муниципалитеттеринин башчылары, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, бизнес структуралардын өкүлдөрү, студенттер, ММКнын өкүлдөрү, ошондой эле Түркияда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада Кечиөрен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок, Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев сөз сүйлөштү.

Элчи Өмүралиев өз сөзүндө мындан бир жыл мурда ушул жерде Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи өткөнүн, тургузулган айкел түрк элинин Айтматовго болгон сый-урматынын бир далили экендигин белгиледи.

Элчи дүйнөдѳ китептери эӊ көп окулган жазуучулардын бири болуп саналган Чыӊгыз Айтматов тирүү кезинде эле 20-кылымдын адабиятынын классиги деп аталганын айтып, анын негизги осуяттарынын бирине “Өз мекенин сүйүү жана элине берилгендик” кѳӊүл бурду.

Түркия президентинин башкы кеңешчиси Я.Топчу өз сөзүндө жазуучунун чыгармаларында көтөрүлгөн көйгөйлөргө, айрыкча “маңкуртчулук” түшүнүгүнүн маанисине токтолуп, Айтматовдун идеялары келечек муундар үчүн эбегейсиз мурас экендигин белгиледи. Ошондой эле ал Айтматов кыргыз элинин адабиятында гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүндө эң маанилүү инсан экендигин баса белгиледи.

Кечиөрен муниципалитетинин мэри Т.Алтынок улуу жазуучунун эмгектерин санап жатып, анын эң жаркын цитаталарынын бирин келтирди: “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу”.

Иш-чаранын алкагында жазуучунун эстелигине гүл коюу аземи өттү.

Пикир

Оставить комментарий