• 87
  • 90.41
  • 0.84

Анталияда Кыргызстандын айыл чарба, туризм жана соода тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү сунушталды

Экономика 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков Анталия Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Хакан Пакалын жана Палатанын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы соода жана экономикалык кызматташтыкты күчөтүү максатында уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүү, инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды. Анталия Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен айыл чарба, туризм жана соода тармагында иштешүүгө басым жасап, Кыргызстандын инвесторлорго болгон мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берилди.

Чыңгыз Токтобеков айыл чарба жаатында тамчылатып сугаруу системасын Кыргызстанга жайылтуу максатында тажрыйба алмашуу программасын уюштурууну сунуштады.

Жыйынтыгында тараптар экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү боюнча биргелешип иш алып баруу чечимине келишти. Ошону менен бирге Анталия Соода-өнөр жай палатасынын жамааты 23-24-сентябрда Бишкек шаарында өтө турчу бизнес-форумга катышуу үчүн чакырылды.

Министрлик белгилегендей, бул жолугушуу Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдоо үчүн маанилүү кадам катары бааланды.

Пикир

Оставить комментарий