• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Антисанитардык абал, таштанды таштоо. Фрунзе заводунда эреже бузуулар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Бишкектеги Фучик көчөсү, 1 дарегиндеги М.Фрунзе атындагы металлпрокат заводунда көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча рейд өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, заводдун аймагында КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренесин одоно бузуу фактылары аныкталып, юридикалык жактарга 6 протокол түзүлдү.

Тактап айтканда, заводдун аймагында жайгашкан чарбалык субъектилердин, цехтердин жана ишканалардын чектеш аймактарында санитардык нормалар сакталган эмес. Антисанитардык абал үчүн салынган айып пулдун жалпы суммасы 78 миң сомду түздү.

Өнөр жай жана курулуш таштандыларын такталбаган жерге чыгарганы үчүн 115-берененин 2-бөлүгүнө ылайык 92 миң сомго 4 протокол түзүлдү.

Ошондой эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышы жана мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча бардык менчик ээлерине эскертүү берилди.

Пикир

Оставить комментарий