• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Апрель Баатырлары жана Коомдук активисттер президенттин коррупция боюнча чакырыгын колдойт

Коом 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. «Апрель элдик революциясынын Баатырлары жана Коомдук активисттер Президент С.Ш.Жээнбековдун Жогорку Кеңештин трибунасында – Коррупцияга каршы күрѳшүүгѳ жасаган чакырыгын колдойт!»

Текстти толугу менен келтиребиз:

“Биз, бир катар коомдук уюмдардын мүчѳлѳрү, 27-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештин Трибунасынан чыгып депутаттарга, Ѳкмѳт мүчѳлѳрүнѳ жана жалпы эле жарандарга жасаган расмий Кайрылуусуна күбѳ болдук.

Кайрылуунун ар бир пункту ѳз алдынча, чоң кѳйгѳйлѳрдү камтып, аларды чечүүнүн негизги жолу – Айкындуулук, Биримдик, Адилетүүлүккѳ негизделери айтылды. Президент ѳз сѳзүндѳ Мамлекеттик саясатты ишке ашырууда - Жарандардын активдүү колдоосу зарыл экендигин баса белгилеп, чакырык таштады.

Биз, коомдук уюмдардын ѳкүлдѳрү, 7-Апрель Элдик Революциянын катышуучулары жана жаракат алган Баатырлары, Локалдык конфликтердин Ардагерлери, Президент Сооронбай Шарипович Жээнбековдун Коррупцияга каршы күрѳшүүгѳ жасаган Чакырыгын толугу менен колдойбуз, жана ар бирибиз салым кошууга милдетүүбүз деп эсептейбиз.

Коомчулук - мамлекеттик саясатта чоң ѳзгѳрүүлѳрдү, натыйжалуу реформаларды самап, ал тургай жер-жерлерде элдик демилгелерди уюштурушуп, мамлекеттин жеңилин жерден алып, орун колдон алып, маселелерди чечип жигердүү колдоп келүүдѳ. Жалпы элдин – мамлекеттен күткѳнү, бар болгону – адилеттүү бийлик, жалпы коопсуздук!

Элибизде «Туура бийде тууган жок, Тууганчыл бийде ыйман жок» деген сѳз бар: Дүйнѳлүк тажрыйбада боло келгендей эле, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүдѳ — күрѳш жалпы элдин колдоосуна ээ болгондо гана кѳрүнүктүү натыйжа берет. Жалпы элдик коомчулуктун колдоосун алуу үчүн, «Укук коргоо жана Сот органдары» өздөрү адилеттүүлүктү туу тутуп, принципиалдуу иш алып барууга түздѳн-түз милдеттүү!

Буга чейин боло келгендей, коррупцияга каршы күрөшкө тартылган күч структуралары өздөрү мыйзам бузууларга барып, коррупцияга каршы күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан же оппозициячылардан өч алууга ниеттенген күрѳш жүргүзсѳ оң жыйынтык чыкпай, тескерисинче – коомдук нааразычылыкты жаратып, жалпы саясатка терс таасир берет.

Президенттин кайрылуусунда - «Уурулар байлыгына манчыркап жүрмөк тургай, коомдун жек көрүүсүн сезип, арабызда баса албай турган чөйрөнү түзүү керек» деп айтылды. Мен буга кошумча толуктоо киргизип кетким келет - «Мамлекеттин казынасына кол салган, элдин ырыскысын уурдаган уурулар, байлыгына манчыркап жүрмөк тургай, түшүнѳн чоочуп ойгонуп, ѳзүнүн кылган ишине ѳзү кыжалат болуп тургудай абал жаратышыбыз керек»!

Туура - «алдыга койгон бул максаттарга элдин биримдиги жана бийликтин тазалыгы менен гана жете алабыз. Жогорку Кеӊеш, Өкмөт жана Сот бийлиги менен бирдикте, жалпы коомчулуктун колдоосу болгондо гана ишке ашырабыз». И.Сталин «Баардыгын кадрлар чечет» деп айткан экен, ошол эле сыяктуу, бул иш- чаралардын баардыгы ѳзгѳчѳ президенттин командасындагы кадрлардан кѳз каранды. Эл ошолорго карап түздѳнүп, оңдонуп иш кылат.

Биз, «Кыргыз Эл Жаштар Кеңеши», «Апрель Элим Кыргызстан», «Элдик Кеңеш», «Элдик Революцияны Коргоо» коомдук биркмелерининин ѳкүлдѳрү, Коомдук Активисттер, Локалдык конфликтердин Ардагерлери – Кыргыз Республикасынын Президентинен Коррупцияга каршы күрѳшүүдѳ натыйжалуу методдорду колдонуп жана ишенимдүү түрдѳ - чечкиндүү кадамдарга барып, күрѳштүн темпин тездетүүнү сунуш кылабыз”, - деп жазылат текстте.

«Кыргыз Эл Жаштар Кеңеши»

коомдук бирикмесинин координатору,

Коомдук активист, Айталиев Б.

Пикир

Оставить комментарий