• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ноокаттагы сел. Апшыр-Ата жайлоосунда калган унаалар чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 06.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 6-июлда Ноокат районунун Апшыр-Ата жайлоосуна кеткен жол толугу менен калыбына келтирилип, унаа жолу саат 17:00дө ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 28-июнда жааган нөшөрлүү жаанда калып калган унаалар ӨКМ куткаруучуларынын коштоосунда чыгарылды.

"Унаа ээлери дээрлик бир жума аталган унаа жолдунн ачылышын күткөндүгүн, учурда жол каттамы мурдагыдан кенен жана тегиз болгондугуна ыраазычылык билдирип жатышат", - деп белгилешти министрликтен.

Учурда ӨКМдин техникалары негизги жол каттамын толугу менен калыбына келтирип, мындан ары дарыя нугунда тазалоо, суунун нугун ачуу иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий