Жаңы министр
Коомдогу билим берүү тармагына болгон айыптоолордон акырындап арылып, Билим берүү тармагын реаблитациялайбыз, - деп билдирди Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети кезектеги олтурумунда Билим берүү жана илим министри кызмат ордуна сунушталып жаткан Каныбек Исаков.
Исаковдун пикиринде мугалимдердин кесиптик чеберчиликтерин жогорулатмайынча, окуу сапатын арттыра албайбыз.
"Ошондуктан, мугалимдерге ишеним жаратып, билим берүү тармагына позитив беришибиз керек. Коомдогу билим берүү тармагына болгон айыптоолордон акырындап арылып, Билим берүү тармагын реаблитациялайбыз”, - дейт министрлик кызмат ордуна сунушталып жаткан Каныбек Исаков.
Парламент Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырып, ал министр кызматына бекитилген. КРнын премьер-министри жаңы министрди жамааты менен тааныштырып, жаңы башчыга чоң үмүттөр жана ишенимдер арттырылып жаткандыгын билдирди.
Бишкекте үрөй учурган кырсык
Бишкектин Ч. Айтматов проспектисинде “Шкода-Актавия” үлгүсүндөгү унаа менен автобус сүзүшүп, 4 адам каза болду.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалымдагандай, 9-сентябрь күнү болжол менен саат 14:54төр чамасында Ч.Айтматов проспектиси менен түндүк тарапка бара жаткан "Шкода-Актавия" унаасы автобус менен кагышкан. №8 автобус кырсыктан кийин жол четиндеги бакты сүзгөн.
Жол кырсыгынан "Шкода-Актавия" унаасындагы 4 эркек бала алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон. Бир кыз оор абалда ооруканага жеткирилген. Ошондой эле, автобустун айдоочусу жана жүргүнчүлөрү да жабыркаган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргөн иликтөөдө аныктагандай, “Шкода Октавия” үлгүсүндөгү унаа үйлөнүү үлпөт тойдогу кортеждин катарында бара жатып, андан калып калган. Андан кийин унаа Ч.Айтматов көчөсү менен түндүктү көздөй багыт алып бара жатып, карама каршы тилкеге чыгып, жолдо келе жаткан жүргүнчү ташыган автобус менен кагышкан.
Учурда шаардык милициянын Тергөө кызматы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, кырсыктын чоо-жайы аныкталууда.
Кыргызстанда Комуз күнү белгиленди
9-сентябрда Кыргызстанда алгачкы ирет Комуз күнү белгиленди. Президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кол койгон.
Ага ылайык, өлкө аймагында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаранын программасы абдан кеңири болуп, өлкөнүн баардык булуң-бурчтарында белгиленди.
Ал эми Ошто 500 комузчу Алымбек Датка этнографиялык комплексинде "Маш ботой" күүсүн чертишти.
Майрамдык флешмобдун алкагында студенттер, музыкалык окуу жайда билим алып жаткандар шаардагы театр жана филармониянын кызматкерлери "Маш ботой" күүчүн чертишкен. Иш-чарага жалпысынан 1000 адам катышкан.
Желим бөтөлкөлөр үчүн атайын урналар
Бишкек шаардык мэриясы жаш ишкерлер менен биргеликте "Желимсиз Бишкек" акциясынын алкагында атайын урналарды шаар көчөлөрүнө орното баштады.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бийиктиги 2 метр болгон жана ичине 1000ге жакын желим бөтөлкө бата турган эки урна жаңы ачылган сейил бакка орнотулган.
Жаңы коюлган урна желим бөтөлкөнүн формасында жасалган. Ал көп жерди ээлебейт жана көп акча каражатты талап кылбайт.
Чогулган желим бөтөлкөнү аталган акциянын уюштуруучулары түнкү саат 12:00дөн эртең мененки 5:00гө чейин жыйнашат. Жыйналган желимдерди кайра иштеп чыгаруучу ишканаларга тапшырышат.
Учурда жаш ишкерлер дагы 60 урнаны жасоо үчүн демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Инсталляциялык бир урнанын баасы 7 миң сом.
Ирактан 70 жакын кыргызстандык баланы алып келүү
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдиргендей, Иракта жүргөн дээрлик 70 жакын кыргызстандык баланы өлкөгө алып келүү пландалууда. Ирак жана Сириядагы Кыргызстандын жарандарын-балдарын алып келүү маселеси татаал процесс экендигин айтып, бүгүнкү күндө дээрлик 70 баланы Кыргызстанга кайтаруу боюнча келишим бар экендигин кошумчалады.
“Бул бир күндө чечиле турган маселе эмес. Өкмөт чет жакта жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого терең көңүл буруп жатып, ушул маселеге жетти. Бул жерде каржылоо, Кыргызстанга кайтаруу, бошотуу, улутун тактоо жана башка маселелер бар”, - деди ал.
Айдарбеков баса белгилегендей, маселе бир гана алардын кайтышында эмес. Бул жерде алардын мекенде жүрүшү, үй-бүлөсү менен биригүүсү, коомго кошулуусу жана башка ушул сыяктуу чоң социалдык маселелер турат.
Министр билдиргендей, аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча маселе ийгиликтүү аяктады. “Өкмөттүк топтун баруусу пландалууда. Биздин жарандарды кайтаруу боюнча келишим бар. Бүгүнкү күндө сөз Ирактан алып келинүүчү 70 бала тууралуу болууда. Бирок, балдардын акыркы тизмеси алардын ата-энесинин маулдугу менен жеринде бекитилет. Ал эми Сирия боюнча алардын өкмөттүк түзүмдөрү менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал жакта өкмөткө баш ийбеген аймактар бар. Ошол себептен бул маселени чечүүгө колдоо көрсөтө ала турган башка мамлекеттер менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, - дейт Айдарбеков.
Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча КРнын өкмөтүнүн жумушчу тобунун делегациясы Ош облусунун Араван районуна жөнөп кетти.
Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Ботобаев, чек ара маселелери боюнча Өкмөттүн атайын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чыңгыз Мамат уулу, Мамлекеттик картографиялык жана геодезиялык кызматтын директорунун орун басары Абдималик Мурзаев жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Төө-Моюн айыл аймагындагы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Эскерте кетсек, 2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен, Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация кылган: Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар жер).
Кыргызстан менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 2017-жылдын 5-сентябрындагы «Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Келишимге «Керкиндон суу сактагычы» жана «Полигон» тилкелери жазылган жана кошулган.
Араван районунун аймагындагы «Полигон» тилкесинин сызыгы 2001-чи жана 2002-жылдагы биргелешкен кыргыз-өзбек протоколдорунда чийилген. 2017-жылы бул тилкенин сызыгын кайрадан чийүүгө Керкидон суу сактагычы каптап калган жердин ордуна өзбек тараптын жер берүүсү себеп болгон. Мындан тышкары бул чечим мамлекеттик чек араны республикалык маанидеги Ош-Араван жолунан белгилүү бир аралыкка жылдырууга шарт түздү.
Пикир
Оставить комментарий