Бул аптада талкууга түшкөн жаңылыктар көп болду. Айрыкча, Курсан Асановдун ички иштер министринин орун басары кызматынан алынышы кызуу талкуу жаратты.
Курсан Асанов кызматтан алынды
Тогуз жылдан бери ички иштер министринин орун басары кызматында иштеп келген Курсан Асанов кызматынан алынды. Тиешелүү буйрукка 13-август күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Ички иштер министрлигинен белгилешкендей, ИИМдин ички иликтөө кызматы, 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып келүү иш-чараларын жүргүзүү маалында коомдук тартипти сактоону камсыздоодо Курсан Асановдун ички иштер министринин орун басары катары милдеттерин аткаруусу боюнча кызматтык иликтөө жүргүзгөн.
"Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кыргыз милициясынын кызыкчылыктарын саткандыгы жана ишеничтен кеткендиги үчүн Курсан Асановду КР ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотуу тууралуу сунуш киргизилген", - деп билдиришти министрликтен.
Андан кийин кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктарынын корутундусу юридикалык баа берилиши үчүн Башкы прокуратурага берилген. Кийинчерээк Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Ички иликтөө кызматынын корутундусу, чогултулган материалдары Башкы прокуратура тарабынан каралып чыгып, КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгүндө ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмыштардын белгилери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишин КРнын Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө.
Ал эми Курсан Асанов, өзүнүн кызматтан кетүүсү боюнча пикирин билдирип, өзүнүн кызматтык милдетин аткаргандыгын, өз кызыкчылыгын мамлекеттик кызыкчылыктан өйдө койбогондугун билдирген.
"Мени менен байланышкан маселе ачыкталат деп ишенем. Өлкөмдүн жана өз абийирим алдында акмын", - деген Асанов.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Курсан Асановду колдогондор көп болуп, 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда маселени чечүүдөгү мээнети айтылып, аны кызматтан алуу, ага карата иш ачуу туура эмес деген пикирлер жазылууда.
Белгилей кетсек, Курсан Асановдун ордуна министрдин орун басары кызматына Памирбек Асанов дайындалган.
Чет элге кеткен кыргыз жарандары
Белгилүү болгондой, Кыргызстандын жүз миңдеген жарандары чет жерде иштеп, жашап, окуп келишет. Алардын көбү Россия, Түркия жана Казакстанда иштешип, жашашат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маселен, Россияда 709 миң, Казакстанда 35 миң,Түркияда 30 миң, АКШда 15 миң, Германияда 8 миң 575, Кореяда 6 миң 550, Бириккен Араб Эмирлигинде 5 миң 500 кыргызстандык бар.
Ошондой эле:
- Италия – 5 миң 500;
- Франция – 2 миң 400;
- Бельгия – 1 миң 820;
- Япония – 516;
- Катар – 512;
- Австрия – 500;
- Швейцария -250;
- Кувейт – 210.
Белгилей кетсек, чет жерде иштеп жаткан жарандарыбыз жыл сайын Кыргызстанга 2-2,5 млрд доллар каражат которуп келишет.
Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти
Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, 7-августтагы окуяда жаракат алган Самат Курманкулов дүйшөмбү, 12-август күнү Москвага алынып кетти.
Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, 11-август күнү Москвадан келген адистер – Н.Н. Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунун нейрореаниматологу, медицина илимдеринин доктору Александр Полупан жана ошол эле борбордун нейрохирургу Ярослав Латышевдин катышуусу менен дарыгерлердин кеңешмеси өтүп, анда Самат Курманкуловду Москвадагы аталган борборго которуу чечими кабыл алынган.
Курманкуловду алып кетүү үчүн Москвадагы Нейрохирургия борборунан атайын топ келген. Курманкуловду анын жубайы жана саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коштоп кеткен.
Министрликтен билдиришкендей, Курманкуловдун абалы оор, бирок туруктуу.
Кийичерээк Каратаев, Самат Курманкуловдун дарылануусуна кеткен баардык чыгымды мамлекет төлөп берерин билдирди.
"Самат Курманкуловго кошумча текшерүү жана анализдер дайындалган. Андан кийин аны дарылоо жолу каралып чыгат. Учурда анын абалы туруктуу оор бойдон калууда. Самат Курманкуловдун дарылануусуна кеткен баардык чыгымды мамлекет төлөп берет. Жакын арада жакшы болуп кетет деп үмүт кылабыз. Анын дарылануусу Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлүндө турат", - деди ал.
"КРнын мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамына 30 жыл толууда
Бул жылы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил тууралуу" мыйзамына 30 жыл толуп жатат. Белгилүү болгондой, мамлекеттик тил тууралуу мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган. Бул мааракеге карата бир катар иш-чараларды өткөрүү каралып, уюштуруу комитети да түзүлгөн.
"Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында өкмөттүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева билдиргендей, мааракени өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жетектеген.
Маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдун айтымында, 30 жылдык мааракеге карата өлкөбүздө бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Маселен, 1-сентябрда айтыш, 23-сентябрда чоң концерт өтөт.
"Андан тышкары Маданият министрлигинин баардык өкүлчүлүгү жана китепканаларда иш-чаралар өтөт. 32 райондук гезит, облустук телеканалдар, 2 жогорку окуу жайы, 88 мектеп, 22 театр бар. Алардын баары иш-чарага катышат", - деди ал.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, 30 жыл аралыгында кыргыз тилин үйрөтүү боюнча бир топ иштер аткарылган.
"Бүгүнкү күнү тилди үйрөтүү дүйнөлүк системага туура келет. Бала бакча, башталгыч мектептерде тил билүү деңгээлин баалоо системасы иштелип чыккан", - деди ал.
Жусупбекованын айтымында, ушул жылдан тарта кыргыз тил мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча дистанциондук система ишке киргизилүүдө.
Ал эми "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская билдиргендей, мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл аралык конференция өткөрүлөт.
"Биз жыл сайын тилди үйрөтүү системасын өнүктүрүшүбүз керек. Тажрыйба алмашуу кажет. Биз россиялык, казакстандык жана голландиялык уюмдар менен иштешип жатабыз. Эми аларды өзүбүзгө чакырабыз", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий