• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ар бир улут өзүнүн эне тили болбосо улут боло албайт! Мамлекеттик тилге 35 жыл

Аналитика 0

“Ар бир улут өзүнүн эне тили болбосо улут боло албайт. Менимче улут болуу үчүн эң чоң далил – тилдин айырмачылыгы”, - деп кыргыз илимпоз-агартуучусу, коомдук ишмер Ишеналы Арабаев айткандай, ар бир элдин иденттүүлүгүн, улутун аныктаган бул анын – тили, эгер тил жоголсо, улут жоголот.

ЮНЕСКОнун эксперттеринин акыркы болжолдуу маалыматы боюнча учурда дүйнөдө 7 миңге жакын тил бар. Лингвисттер орто эсеп менен ар бир эки жумада бир тил жоголсо, жылына болжол менен 25 тил жоголот деп эсептешет. Алардын тагдырын кайталабоо үчүн эң жөнөкөйү ар бир кыргыздын үйүндө кыргыз тили сүйлөнүп турушу керек.

Эгемендүү мамлекеттин өзөгүн түзгөн улуттун эне тили болгон кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун ыйгарган биринчи конституциялык жобо 1929-жылкы Кыргыз АССРнын Баш мыйзамында белгиленген. Андан соң, туура 60 жылдан кийин 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Аталган мыйзамдын кабыл алынышы жана эне тилге мамлекеттик тил макамынын берилиши өлкөнүн эгемендүүлүк алганга чейинки маанилүү кадамдарынын бири, ошол мезгилдин чоң жеңиши болгон. Арадан 35 жыл убакыт өтүп, 23-сентябрь – Кыргызстандын мамлекеттик тил күнү майрам катары белгиленип келе жатат.

Мамлекеттик тил – бул мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил болуп саналат.

Мамлекеттик тил макамына ээ болгон кыргыз тили 35 жыл эгемендүүлүк жылдар аралыгындагы тарыхында ысык-суук күндөрдү башынан өткөрдү десек жаңылыштык болбос. Башка улуттарды жөн коелу, кыргыз болуп туруп кыргызча таза сүйлөп, сабаттуу жаза албаган муун пайда болду. Эми гана мамлекеттик мекеме-кызматтарда иш-кагаздар толугу менен кыргыз тилинде жүргүзүлүп, кызматтык милдеттерин аткарууда милдеттүү түрдө мамлекеттик тилди билүүсү мыйзам менен белгиленди.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын маалыматы боюнча, коомчулуктун талабына ылайык иш кагаздарынын мамлекеттик тилдеги ар кандай үлгүлөрү жайгашкан электрондук документ жүгүртүү системаларынын атайын функционалдары жана “Документ kg” аталышындагы сайт учурда иштелип чыгууда.

“Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү багытында иштердин бири – Инфодокс электрондук документ жүргүзүү системасы аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык органдарда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн санына жана сапатына мониторинг жүргүзүү. Мониторингдин жыйынтыгы менен министрлик, ведомстволордо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринде жыйындар өткөрүлөт. Иш кагаздарынын сабаттуулугун талдоо максатында Инфодокс ЭДСда Улуттук комиссиянын сунушу менен атайын функционал ишке киргизилип, мониторинг жүргүзүлүүдө”, - деп билдирди КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 1987-жылы 5-декабрда республикалык илимий-практикалык конференцияда белгилгендей, кыргыз маданияты ушул өз жеринде өнүгө албаса, башка эч жерде өнүгө албайт. Айтылгандай эле тил маселесинде да ушундай көрүнүш, эне тилибизди алгач өз жерибизде сүйлөп өнүктүрбөсөк, башка жерде өнүгүшү мүмкүн эмес.

Постсоветтик өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгүндө, анын ичинде Кыргызстанда орус тили илим менен билимдин, эл аралык жана улут аралык катнаштын тили катары кабылданып, экинчи тилибизге айланып калса да, эне тилибиз болгон кыргыз тилине артыкчылык берүүгө мезгил келди. Ааламдашуу доорунда замандын агымы менен кете бербестен, өздүгүбүздү аңдап, ата-тегибизге кайрылып, тилибизди, дилибизди заман талабына жараша шарттар менен сактап калуу башкы максат.

“Учурда “Санарип Кыргызстан – 2019-2023” концепциясынын алкагында улуттук санарип контентин мамлекеттик тилде өнүктүрүү максатында 2018-2019-жылдарга “Кыргыз тилин табигый түрдө иштетүүчү программалык аппарат” долбоорунун 4 этабы ишке ашырылды. Мында жарандарыбыз санарип чөйрө менен кыргыз тилинде байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын мамлекеттик тилде маалымат алууга, берүүлөрдү анализдөөгө, автоматтык түрдө стенограмма түзүүгө, кыргыз тилиндеги тексттерди толук маанисин жоготпостон автоматтык түрдө башка тилдерге, башка тилдерден кыргыз тилине которуу жана башка кызматтары аркылуу тилибиздин илимий жана маалыматтык базасы кеңейтилип, жарандарыбыздын башка тилде иш алып баруу муктаждыгын азайтууга жакшы шарт түзүлөт. Видеосабактар, кыргыз тилин жеңил үйрөнүүгө багытталган мобилдик колдонмолор да иштелүүдө”, - дейт Мелис Мураталиев.

1989-жылы кабыл алынган мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. Бирок, 30 жылдан ашык убакыт аралыгында аталган мыйзам канчалык деңгээлде иштеп кете алды деген суроо жаралат. Мурда мамлекеттик тил өзгөчө көп улуттуу калк жашаган борбор шаарда, шаар тибиндеги облус аймактарында жай өнүгүп келген болсо, азыр санарип технологиялардын, интернеттин өнүгүүсү менен кыргыз тилинен башка тилдерде маалымат алуу мүмкүнчүлүгү кеңири болууда. Белгилей кетсек, интернет тармагында кыргыз тилинде контент жетишсиз, өзгөчө жаш балдар кызыгып көргөн интернеттеги видеоматериалдардын көбү башка тилдерде. Жаш балдар менен өспүрүмдөрдүн дүйнө таанымына, аң-сезимине жана сүйлөө тилинин өрчүшүнө бул көрүнүш өз таасирин тийгизүүдө. Тилдин келечегин аныктай турган факторлордун бири – балдар жана жаштар, балдарыбыз кыргыз тилинде эркин, таза сүйлөп, өз оюн билдирип, кеңири колдонсо тилибиз муундан-муунга жашай берет. Эне тилди билүү ар бирибиз үчүн милдет, ал эми көп тил билүү бул – артыкчылык.

“Мен кыргызмын деген ар бир кыргыз, андан башка Кыргызстанда жашап, суусун ичип, абасы менен дем алган башка улуттун өкүлдөрү дагы мамлекеттик тилде сүйлөшү керек. Тилдин келечеги деген маселеге келгенде биринчиден, өлкөдөгү көрнөк-жарнак, жарнама, бардык илинип турган жазуу аттуунун баары мамлекеттик тилде болуусу шарт. Экинчиден, жаштарыбызды өзүнүн улуттук тилин, маданиятын, нарк-насилин баалап, барктаган деңгээлде тарбиялашыбыз керек. Ошондо гана мамлекеттик тил жөнүндө маселе өзүнүн деңгээлине көтөрүлөт. Мен бир эле тил менен калсын деген ойдон алысмын, мүмкүнчүлүгүнө жараша көп тил билүү колдоого алынаарлык көрүнүш. Бирок Кыргызстанда кыргыз тили иштеш керек. Эне тилибиз өз өлкөбүздө сүйлөнбөсө, башка кайсы жерде сүйлөнөт”, - деди тилчи, филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев.

Конституциянын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, 30 жылдан ашык убакыттан бери мамлекеттик тил катары саналган кыргыз тилинин абалын бекемдөө максатында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамга 2023-жылдын 17-июлунда президент Садыр Жапаров кол койгон. Аталган мыйзамда мамлекеттик тилди колдонуунун, тил саясатын жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин, тилди өнүктүрүүдөгү мамлекеттик органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин белгилейт.

“2023-жылы кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамын мамлекеттик тил болгон кыргыз тилинин келечекке багытталып өнүгүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизе турган мыйзам деп эсептейм. Бүгүнкү күнгө чейин 1989-жылдан бери кабыл алынган, андан кийин 2004-жылы кошумчаланып оңдолгон мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам бар эле, бирок бул мыйзамдын айрым бир беренелери гана иштеп келген. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп турганымда мен бир нерсени түшүндүм, ар бир тармак өзүнө тешелүү гана мыйзамдын талаптарын аткарып, мамлекеттик тил боюнча мыйзам аткарылбай кала берет экен. Мында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын статусун көтөрүп, конституциялык мыйзам кылуу керек деген ой келди. Ошондон улам, “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды конституциялык мыйзам кылалы деген идеяны көтөрүп, улам түшүндүрүп отуруп, КР Конституциянын 13-беренесине мыйзамдын аткарылыш тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат жазганбыз. Учурда аталган мыйзам Конституциядан кийинки эле статуска ээ”, - деп белгиледи Сыртбай Мусаев.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров аталган мыйзамдын кабыл алынышына карата тынчсызданып, бул кадамды демократияга туура келбей деп билдирген. Россия тараптын мындай тынчсыздануусуна президент жооп кайтарып, мыйзам орус тилин "дискриминация" кылбай турганын “Кабар” маалымат агенттигине берген интервьюсунда билдирген.

“Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп атса керек. Ал мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок. Тескерисинче орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул норма баш мыйзамда да бар. Бул нормалар кала берет. Мугалимдер менен дарыгерлерге тиешеси жок. Элестетиңиз, мектепке орус улутундагы орус тил мугалимин алып атабыз дейли. Анан аны “сен кыргызча билбейт экенсиң” деп кызматка албай коебузбу? Бизге кыргыз тили кандай керек болсо орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп атпайбызбы. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп атабыз да. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар. Жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч бирибиз же толук орусча сүйлөбөйбүз же толук кыргызча сүйлөбөйбүз. Аралаштырып кете беребиз. Ошондуктан эки тилди тең бирдей өздөштүрөлү. Керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнөлү. Канчалык көп тил билсең ошончолук өзүңө жакшы эмеспи”, - деген Садыр Жапаров.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле эл алдындагы расмий иш-чаралар дагы мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, зарыл болгон учурда мамлекеттик тилге которулат деп жазылган. Мыйзам кабыл алынганына бир жылдын жүзү болду, мыйзамдын ишке ашырылышы кандай болуп жатат, көрсөтүлгөн талаптар кандай деңгээлде аткарылып жатат деген суроо жаралат.

“Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамдын көптөгөн беренелеринин аткарылбай жатышынын объективдүү, көбүрөөк субъективдүү жагдайлары бар. Эң негизгиси кандай гана мыйзам болбосун ошону аткара турган адамдардын жан дүйнөсүнөн оргуштап чыккан каалоо, ниети, мыйзамды бузбай аткарайын деген аткаруучулардын пейили, улутмандык ариет, ар-намысы болуш керек”, - деп эсептейт Мусаев.

Кыргыз тилинде сүйлөп, эне тилдин өнүгүшүнө салым кошуу ар бир кыргыз атуулунун милдети. Ар бир төрөлгөн баланын эне тилинде сүйлөөсүнө ата-эненин, үй-бүлөнүн, андан кийин айлана-чөйрөсүнүн таасири чоң. Ошондуктан эне тилде сүйлөөнүн биринчи этабы үй-бүлөдө башталып, андан кийин мамлекеттик деңгээлде тилди өнүктүрүү багытында уланат. Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдар негизинен карапайым калк үчүн эмес, биринчиден мамлекеттик кызматкерлерге багытталат. Тилекке каршы, биздин аткаминерлер чоң мамлекеттик кызматтарды ээлегилери келет, бирок ошол мамлекетти түзүп турган элдин тилине, элдин маданиятына кайдыгер мамиле кылышат. Тилчилер тил маселеси - адамдын жан дүйнөсү, руху, намысы менен байланыштуу болгондуктан күч менен эмес, таалим-тарбия берүү, ар-намысын, мекенчилдик сезимдерин ойготуу жолу менен чечиш керек деп айтышат. Мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерден тартып, жөнөкөй жарандарга чейин эне тилимди барктайын, баалайын, эне тилим сүйлөнсүн деген ниети күчтүү болуш керек.

Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий