• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Араб жаштарынын колдоосу менен Кыргызстанда 4 мектеп курулат

Коом 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Араб жаштары биригип Кыргызстанда төрт мектеп курушат. Бул тууралуу "Ассанабил" кайрымдуулук фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-августта Кувейт мамлекетинин жаштарынын уюштуруусу менен Кыргызстанга келген делегаттар Чүй жана Нарын облустарынын төрт айылындагы жаңы мектептин курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышкан.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов, Кувейттин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Тарек Абдулла Аль-Фараж, облустук жана райондук бийлик өкүлдөрү катышты.

“Ысык-Ата районундагы Тогуз-Булак айылынын жана Чүй районундагы Жаңы-Жол айылынын, Кочкор районундагы Арсы жана Мантыш айылдарындагы окуучулар буга чейин алыскы коңшу айылдагы мектептерге барып келип билим алышкан. Аба ырайынын катаал мезгилинде жана кышында алыс жайгашкан мектепке каттоо оор көйгөй болуп келген”, - деп билдиришти фонддон.

Курулуш иштерине демөөрчүлүк көрсөтүп жаткан жаштар Кувейт, Оман Салтанаты жана Сауд Араб падышачылыгынын жаштарынан түзүлгөн.

““Эки динар төлөп, эки дүйнөлүк бакыт тап” аттуу долбоордун негизинде төрт мектепти курууга акча чогултушкан. Мектептер бир кабат болуп, окуучуларга керектүү эмеректер менен жабдылат”, - деп кошумчалашты фонддун басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий