Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-14-февраль күндөрү Будапешт шаарында (Венгрия) расмий сапар менен жүрөт. Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров күн мурун, 13-февралда Венгриянын президенти Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анын алкагында эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга жана бир катар документтерге кол коюлду. Кыргыз-венгер мамилелери, эки тараптуу алакалардын келечеги жана стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин доктору, профессор Автандил Арабаев менен маек курдук.
— Саламатсызбы, Автандил Анисович!
— Саламатчылык.
— Учурда президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Венгрияда жүрөт. Сиз кыргыз-венгер мамилелерин кандай сыпаттайт элеңиз?
— Венгрия Европанын так ортосунан орун алган, Европа Шериктештигинде өз орду жана саясий позициясы бар мамлекет. Ошондуктан анын көп тармактуу тышкы саясаты батыш өлкөлөрүнө гана эмес, Борбордук Азия чөлкөмүнө да өз таасирин тийгизип келет. Венгриянын мындай маанилүү орунду ээлеши, айрыкча, премьер-министр Виктор Орбандын инсандык жана мамлекетчил позициясына байланыштуу. Бул факторлорду эске алсак, албетте, Кыргызстан үчүн Венгрия менен түздөн-түз, болгондо да тыгыз, эки тараптуу мамиле түзүү абдан маанилүү.
Бирок, калыстык үчүн айтып коюш керек. Венгрия менен биз дипломатиялык мамилелерди 1992-жылдын 16-апрелинде түзүп, андан бери жогорку деңгээлдеги, алсак, 1997-жылы Венгриянын президенти Кыргызстанга, 1998 жана 2011-жылдары Кыргызстандын мамлекет башчылары Венгрияга расмий сапарлары менен барганы менен эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер натыйжалуу жемишин бере албай келген.
Бул өңүттөн алганда, кыргыз-венгер мамилелеринин талапка ылайык жогорку деңгээлге чыгышын учурдагы Президентибиз Садыр Жапаровдун ырааттуу аракеттеринин акыбети катары карасак туура болот.
— Кеп кандай аракеттер тууралуу болуп жатат?
— Биринчиден 2020-жылдын сентябрь айында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлган. Аталган документе ылайык, Венгрия Европа өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп, Кыргызстан менен стратегиялык деңгээлде мамиле түзгөн мамлекет.
Ал эми стратегиялык өнөктөштүк эки мамлекеттин ортосундагы саясий, экономикалык, соода-сатык, маданий-гуманитардык, кыскасын айтканда, мамлекеттер аралык мамилелердин бардык чөйрөлөрүн камтыйт жана ал чөйрөлөрдө кызматташтыкты орнотууга жана өнүктүрүүгө жол ачат.
Экинчиден, 2020-жылдын февралында Бишкекте Венгриянын элчилиги расмий ачылса, 2021-жылдын октябрында Будапештте Кыргызстандын элчилигинин ачылышы болду.
Арийне, эки өлкөнүн борбор калааларында элчиликтердин ачылышы кыргыз-венгер мамилелеринин кескин өнүгүүсүнө шарт түзөөрү талашсыз.
Ушул эки фактордун өзү Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлге жеткенин айгинелеп турат.
— Кыргыз-венгер мамилелеринин ушундай деңгээлге жетишинен биздин өлкө, жарандарыбыз кандай пайда көрүп жатат? Ачыктап кете аласызбы?
— Албетте. Биринчи кезекте Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун белгилесек болот. Анын капиталы 16 млн АКШ долларынын өлчөмүндө бекитилген.
Президентибиз Садыр Жапаров өткөн жылдын 10-ноябрында Түрк Мамлекеттер Уюмунун мамлекет башчыларынын саммити учурунда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушкан кезде Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында жалпы суммасы 24 млн АКШ долларын түзгөн конкреттүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырыла тургандыгын белгилеген.
Фонддун башкармалыгынын билдирүүсү боюнча каржылоонун приоритеттүү багыттары катары энергиянын альтернативдүү булактары, айыл чарбасы, анын ичинде мал чарбасы, бал өндүрүү, балык чарбасы менен бирге эле IT технологиялар, креативдүү экономика тармактары аныкталган.
Демек, бул фонд өлкөбүздүн экономикасынын, энергетика, айыл чарба, бизнес тармактарынын өнүгүүсүнө реалдуу инструмент катары түрткү берип жаткандыгынын белгиси.
Экинчиден, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүү механизми катары Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссияны белгилесек болот.
Үчүнчүдөн, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгынын алкагында Венгрия мамлекетинин квотасы менен алардын жогорку окуу жайларында Кыргызстандын 400гө жакын студенти европалык стандарттагы билим алып жатышат. Венгрия өкмөтү кыргызстандык студенттерди өздөрүнүн мамлекеттик бюджетинин эсебинен каржылап окутат. Бул да өтө чоң жетишкендик. Ошол эле учурда, бул биздин болочок жогорку билимдүү адистерибизди европалык стандарттардагы билим менен илимге интеграциялоонун түздөн-түз жолу.
Төртүнчүдөн, президентибиз Садыр Жапаровдун учурдагы расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүп жатат. Мындан сырткары, Будапештте кыргызстандык жана венгриялык компаниялардын катышуусунда чоң бизнес-форум өткөнү турат. Албетте, бул иш-чаралар кыргыз-венгер мамилелеринин мындан ары өнүктүрүүчү башка дагы багыттарын шарттайт деген ишеним бар.
— Кыргызстан менен Венгриянын мамлекеттер аралык мамилелеринин стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетишинин негизи эмнеде?
— Биринчиден, мында Садыр Нургожоевичтин ырааттуу жана максаттуу тышкы саясатын белгилешибиз керек.
Президенттик инаугурация салтанатында Садыр Жапаров «өлкөбүздүн экономикалык өсүшү, маданий кайра жаралуусу, стабилдүүлүк алыскы жана жакынкы коңшуларыбыз менен ынтымакта болгон жагдайда гана ырааттуу түрдө ишке аша алат» деген. Бүгүнкү күндө мамлекет башчыбыз ошол сөздөрүн ишке ашырып жатат. Ошондуктан кыргыз-венгер мамилелеринин жетишкендиктерин Садыр Жапаровдун туруктуу позициясы менен алгылыктуу аракети катары бааласак туура болот. Бул, бир жагынан.
Ал эми экинчи жагынан, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан дагы Кыргызстан менен, анын жетекчиси Садыр Жапаров менен түздөн-түз мамиле түзгөнгө натыйжалуу аракеттерди жасап келет. Виктор Орбан буга чейин бир нече жолу Венгрия менен Кыргызстан тарыхый тамыры жалпы, бир тууган өлкөлөр деп айтып келген. Ошондуктан Кыргызстан менен ынтымакта болууга, венгер-кыргыз мамилелерин эки өлкөгө тең пайда алып келүүчү деңгээлге көтөрүүгө кызыкдар.
Ошону менен бирге, бул Венгриянын Түрк Мамлекеттер Уюмунун алкагында кызматташуулардын максаттарына ылайык келген тышкы саясатынын олуттуу бир багыты.
Экинчиден, мында кыргыздар менен венгерлердин тарыхый жакындыгын айтсак болот. Бул эки элди жалпы көчмөндөр маданияты байланыштырып турат. Венгерлер түрк элдерин өздөрүнүн эң жакын туугандары катары таанышат. Албетте, венгер коомундагы мындай көз-караштар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы мамилелердин туруктуу социалдык негизин түзүшөт.
— Маегиңизге чоң ыракмат.
Пикир
Оставить комментарий