• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Арал – Казарман унаа жолунда бир тараптуу каттам берилди

Аймак 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал – Казарман тилкеси тазаланып, бир тараптуу каттам берилди.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жеринде № 18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иш алып барууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-октябрда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам тоо бетинен таштар кулап, жолдун 270-271-чакырымдар аралыгын жаап калган. Таш көчкүнүн көлөмү болжол менен 3000 куб метрди түзүп, тазалоо иштери дароо башталган.

Азыркы тапта бир тараптуу каттам бар, тазалоо иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий