Бишкек, 10.01.25. Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 10:50дө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, кечээ, 9-январда №23 ЖТИнин сунушу боюнча Бишкек – Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Токтогул районунун “Арал” постунда саат 20:20дан тартып оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө кирген.
Пикир
Оставить комментарий