Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрь саат 09:30га карата Бишкек - Ош жолундагы Арал постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөөдө. Тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Белгиленгендей, азыркы тапта да жалпы пайдалануудагы унаа жолдорго, өзгөчө тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары уланууда.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Пикир
Оставить комментарий