• 87
  • 91.29
  • 0.84

Аралыктан добуш берүү тилкелеринде активдүүлүк байкалууда - Нурлан Койчукеев

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын аралыктан шайлоочулар үчүн уюштурулган тилкелерде саат 12.00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү байкалууда. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди.

Анын айтымында, башка шайлоо тилкелерине салыштырмалуу аралыктан добуш берүү тилкелеринде активдүүлүк байкалууда. Саат 12:00гө карата катталган жарандардын 29,3 пайызы келген.

“9 миң 50 шайлоочунун ичинен 2 миң 652 жаран добуш берди. Булардын басымдуу бөлүгү жаштар”, - деди Нурлан Койчукеев.

Эскерте кетсек, аралыктан добуш берүү үчүн өлкө боюнча 10 шайлоо участогу иш алып барууда. Бишкек шаарында 4 участок, ал эми облустарда 6 участок бар.

Пикир

Оставить комментарий