Араван районунда үй-бүлөлүк дарыгерлер пункту оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Араван районундагы жалпы дарыгердик практика борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер пункту модернизацияланды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган КР министрлер кабинетинин колдоосу менен Швейцария өкмөтүнүн экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы жана өнүгүү эл аралык ассоциациясынын каржылоосунда “Жылуулукту жакшыртуу” долбоорунун алкагында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан үй-бүлөлүк дарыгерлер пункту 18,9 млн сомго реконструкцияланды.

Ачылуу салтанатында президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев катышып, өлкөдө калкка сапаттуу медициналык тейлөөнү камсыздоо, калктын саламаттыгын чыңдоого багытталган бир катар алгылыктуу иштер жасалып жатканын белгиледи.

Иш-чарага Араван районунун акиминин орун басары Б.Осмонов, долбоордун координатору У.Бидинов, регионалдык координатор М.Сагынбаев, башкы дарыгер К.Айтибаев, дарыгерлер жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Долбоордун алкагында имараттын энергоэффективдүүлүгү камтылып, изоляцияланган. Заманбап эшик, терезелер менен жаңыланып, жылуулук системасы толугу менен жаңыланган. Андан сырткары, имарат толугу менен оңдоодон өткөрүлүп, медициналык персоналдарга жана бейтаптарга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий