Бишкек, 30.08.19. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда жайгашкан аймактык оорукананын аймагында 100 млн сомго 2 кабаттуу төрөт үйү курулууда.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, төрөткананын курулушун кувейттик “Асса-Фа” фонду каржылап, долбоордун эсеп баасы 100 млн сомду түзөт.
Курулуш иштери ушул жылдын май айында башталган. Төрөт үйүн 2020-жылдын май айында бүткөрүү пландалууда.
Пикир
Оставить комментарий