• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Араванда 11,43 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Араван районунда баасы 117 млн сомдук 11,43 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Араван райондук сотунун 2007-жылдагы чечими менен Юсупов айыл аймагынын Мончок-Тепе участогунда жайгашкан 11,43 га жер тилке Р.Н. жеке менчиги деп мыйзамсыз табылып, андан соң 2013-жылы бул жер тилке тартуулоо келишиминин негизинде Н.Н. менчигине өткөрүлгөндүгү аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген апелляциялык сунушту кароонун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылган.

Мындан сырткары, Араван районунун прокуратурасы тарабынан райондук сотко жогоруда белгиленген тартулоо келишимин жокко чыгаруу жөнүндө доо арыз келтирилип, күчүнө кирген соттук акты менен арыз канааттандырылган.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актысынын негизинде жайыт категориядагы баасы 117 млн 360 миң сомду түзгөн 11,43 га жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий