• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Араванда 780 миң сом акчаны уурдаганга шектелип 31 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда 780 миң сом акчаны уурдаганга шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө 5-августта Араван районунун 31 жаштагы М.С. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда А. Анаров айыл аймагында жайгашкан өзүнүн үйүнөн 780 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-берененин (“Уурдоо”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө иш чаралардын жүрүшүндө 15-август күнү Өзгөн районунун 34 жаштагы А.Т. аттуу тургуну шектүү катары кармалган.

Ал 4-август күнү саат 11:00дөр чамасында Араван районунун А. Анаров айыл аймагында М.С. аттуу жаранга таандык жогорудагы даректеги үйдүн ичине кирип, 720 миң сом, 60 миң рубль жана жалпы баасы 100 миң сомдук алтын буюмдарын уурдаганга шектелүүдө.

Натыйжада жабырлануучу материалдык жактан 880 миң сомдук зыянга учураганы аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмышка шектүү А.Т. 17-август күнү шектенүү жөнүндө кабарлама берилген. Ошол эле күнү шектүүнүн бир айга камакка алуу түрүндө

Баш коргоо чарасы тандалган.

Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий