• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Араванда мектептин кошумча имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Араван районунун Кайрагач-Арык айылында №6 З.Розахунова атындагы орто мектептин кошумча имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Араван районунун акими Сейтек Кулубаев, Ош облустук өнүктүрүү фондунун жетекчиси Жанузак Сарытаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкулдөрү жана айыл аксакалдары катышты.

Талантбек Арстанкулов облус жетекчиси Элчибек Жантаевдин куттуктоо сөзүн айтып, билим берүүнүн келечекке тийгизген маанисине токтолуп, учурда билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, имараттын жалпы сметалык баасы 21 млн сом болуп, анын ичинен Ош облустук өнүктүрүү фонду 7 млн, Нур-Абад айыл өкмөтү 3 млн, демөөрчүлөр 11 млн сом каржыланган. Курулуш иштери "Нефридстрой" ЖЧК тарабынан бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий