• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Араванда улуттардын биримдигин даңазалаган "Достук кербени" фестивалы өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Араван районунда улуттардын ынтымагын жана биримдигин даңазалаган "Достук кербени" фестивалы өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара КР президентинин "2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө" жарлыгын, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн тескемесин ишке ашыруу максатында, мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулду.

Маданий иш-чарага президентин өкүлү Элчибек Жантаев, Араван районунун акими Сейтек Кулубаев, Кыргызстан калктар ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы Бердигул Караев жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.

Элчибек Жантаев өз сөзүндө Кыргызстанда элдин биримдигин бекемдөө, этностор аралык мамилелерди чыңдоо, Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү, маданий көп түрдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, маданият кызматкерлери, коомдук уюмдар менен чогуу иш алып баруусу зарылдыгын баса белгиледи.

Маданий иш-чаранын жүрүшүндө улуттардын маданий борборлору тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Программада Кыргызстанды, мамлекеттик тилди, ынтымак, достукту даңазалаган чыгармалар, ыр-бийлер аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий