• 87
  • 90.63
  • 0.79

Арка-2 айылында снаряддын жарылуусунан жабыркаган эки бейтап Ошко жеткирилет

Ден соолук 0

Бишкек, 06.01.25. /Кабар/. Арка-2 айылында снаряддын жарылуусунан жабыркаган бейтаптар санавиация аркылуу Ошко жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон маалымдашкандай, Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы боюнча жабыркагандар санавиация аркылуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жана Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына андан ары дарылоо үчүн которулат.

Бейтаптарды жеткирүү бардык зарыл болгон медициналык жабдууларды колдонуу менен тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө жүргүзүлөт.

Бейтаптардын абалы оор бойдон калууда.

Министрликтен белгилешкендей, 5-январда Баткен облусунун Лейлек районунун Арка-2 айылында снаряддын жарылуусунан жабыркаган аялга жана анын жашы жете элек кызына Кулунду Жалпы дарыгерлик практика борборунда алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий